Казакстандагы окуучунун кол салуусу. Бет кап менен балтанын сүрөтү тарады

Казакстандын Петропавловск шаарындагы №4 мектепте 9-класстын окуучуларынын бири мектепке балта жана бычак алып барып, жогорку класстын окуучуларына кол салган.

9-класстын окуучусу мектепке балта жана бычак алып барып, дааратканага кирип, бет кап кийип, коридорго чыгып, үч окуучуну жарадар кылганы айтылган. Жабыркагандар 9-10-класстардын окуучулары.

«Өспүрүм полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бул факты боюнча «киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү психиатриялык каттоодо турат. Соттук териштирүүнүн алкагында мектеп жетекчилигине юридикалык баа берилет. Калган жагдайлар такталууда», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.