Казакстанда окуучулар классташын сексуалдык кулчулукта кармашкан. Шектүүлөрдүн арасында 5 өспүрүм бар

Кызылордада мектеп окуучусун сексуалдык кулчулукта кармаган деп шектелген 11 адамдын арасында бешөө жашы жете электер. Бул тууралуу «Казинформ» жазды. 

«Кылмыш иштеринин 9 катышуучусу камакта, экөө үй камагына чыгарылды, алардын арасында беш жашы жете элек өспүрүм бар. Жабырлануучу иштин жагдайына жараша суракка алынган. Соттук угуу жана ачык соттук териштирүү маселеси соттун компетенциясына кирет», — деп айтылат ИИМдин жообунда. Буга чейин министрлик 13 шектүүнү бар экенин билдирген. 

Август айында Кызылордада мектеп окуучулары 16 жаштагы классташын сексуалдык кулчулукта кармаган деп шектелип жатканы белгилүү болгон. Өспүрүмдөр тобу кызды күч менен кармап, баңгизатка мажбурлашканын «Не молчи» фондунан билдиришкен. Фонддон бул тууралуу мектеп директору, мугалимдер жана аймактык тескөөчү билишкенин айтышкан. Облустук ички иштер башкармалыгынан  кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдашты. Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Динара Закиева тергөө иштери анын көзөмөлүндө экенине ишендирген.