Казакстанда окуучуларды оор баштыктан арылтканы жатышат

Казакстанда окуучуларды оор баштыктан арылтканы жатышат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов окуу китептерин электрондук форматка өткөрүү керектигин айтып, айыл жергесиндеги окуучуларды планшет менен камсыздоону тапшырды. Анын айтымында, 800 миң орунга ылайыкталган жаңы форматтагы мектепти куруу пландалууда.

«Биз бул улуттук долбоорду ишке ашырууга оперативдүү киришүүбүз керек. Аймактарда 143 мектеп үчүн жер тилке аныктоо боюнча маселе чечиле элек. Бул ишти тездетүү зарыл. Октябрдын аягына чейин 2023-жылга курулушу пландалган мектептердин маселесин чечүү кажет», — деди казак өкмөт башчысы.