Казакстанда сыра үчүн өлтүрүлгөн Шерзат Болаттын атасы Каржаубай Нурымов кармалды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя Азат айылында Шерзаттын асынган абалда табылган агасынын тажыясында болгон.
«Ал агрессивдүү болуп, башкаларды коркутуп, өзүн-өзү өлтүрөм деп коркутту», — деп айтылат маалыматта.
Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан. Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон.