Казакстанда өрт өчүрүүчү күйүп жаткан газ баллонду үйдөн алып чыккан видео тарады

Астанадагы үйлөрдүн биринде газ плитасы жана эмеректер өрттөндү. Борбордун өрт өчүрүүчүлөрү газ баллондун жарылышын алдын алышкан видео тарады.

Өмүрлөрүн тобокелге салган өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан газ баллонду үйдөн алып чыгууга аргасыз болгон. «Чакырык болгон жерге келген өрт өчүрүүчү Абылай Калижанов күйүп жаткан газ баллонду алып чыгып, жарылуунун алдын алган. Саат 16:25те өрт толугу менен өчүрүлдү», — деп билдирди ӨКМ.