Казакстанда өрттөнгөн үйдөн балдардын жансыз денеси табылды

Атырау облусунда күйүп кеткен батирден балдардын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz «Мой город» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Дагы 2 чоң киши ооруканага жаткырылып, реанимацияда экени кабарланды.

«Кырсык бүгүн, 25-апрелде саат 06:00дөр чамасында Атырау облусунун Индер районундагы 5 кабаттуу үйдө болгон. Облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-кабаттагы батирден өрт чыккан. Келген өрт өчүрүүчүлөр уктоочу бөлмөдөн 10 жана 7 жаштагы эки баланын сөөгүн табышкан. Балдардын апасы жана бир киши ооруканага жаткырылган», — деп белгилейт басылма. ⠀

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт саат 06:10до толугу менен өчүрүлгөн. Каргашанын себебин аныктап жатышат.