Казакстанда өрттөнүп жаткан үйдөн кошунасынын 6 баласын алып чыккан аялга үй беришти

Шымкенттин тургуну Марина Гафарова өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан Нооруз майрамына күтүүсүз белек алды. Ал өрттөнүп жаткан үйдөн кошунасынын 6 баласын алып чыккан. Бул тууралуу Otyrar.kz жазды. 

Ага 4 бөлмөлүү батирдин ачкычын район акими тапшырган. Келин жолдошу экөө 4 баланын ата-энеси.

Өрт 16-декабрга караган түнү болгон. Апасы балдарды ижарага алган үйгө жаткырып, кеткен. Балдар от менен ойноп, үйдө өрт чыгарышкан. Марина Гафарова кошуналарынын үйү өрттөнүп жатканын көргөн. Өрт өчүрүүчүлөрдү күтүүгө убакыт кетирбей, аял күйүп жаткан имаратты көздөй жөнөгөн. Ал үйдөн жылаңаяк чуркап чыгып, үч метрлик тосмодон секирип өтүп, айнекти сындырып, кошуналардын үйүнө кирип, 6 жашы жете элек баланы алып чыккан.