Казакстанда өспүрүм видео тартуу үчүн улгайган жаранды сабап салган (видео)

«Алматыда өспүрүм көчөдө улгайган адамга кол көтөрдү» деп билдирет Tengrinews.kz.

Социалдык тармактарда өспүрүм улгайган адамдын жанына келип, бетке бир нече жолу муштум менен урган видео пайда болгон. Ага күлүп дагы бир жигит видеого тарткан. 

Алматы полициясы бул факты Бостандык райондук ички иштер башкармалыгына Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси «Бейбаштык» менен катталып, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. «Бул кылмышка шектелип 2007-жылы туулган жашы жете элек жаран кармалды. Башка жагдайлар такталууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти полициядан.