Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо exit poll маалыматтары жарыяланды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. “Ачык коом” Эл аралык аймактык изилдөө институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, exit poll жыйынтыгы төмөнкүдөй:
- Каракат Абден — 2,54%;
- Нурлан Ауесбаев — 2,17%;
- Жигули Дайрабаев — 3,33%;
- Мейрам Кажыкен — 2,23%;
- Касым-Жомарт Токаев — 82,45%;
- Салтанат Турсынбекова — 2,08%;
- баарына каршы— 5,2%.