Кечээ, 10-январда Казакстанда парламенттик палата – Мажилиске жана маслихаттарга шайлоо өттү. Нур-Султан шаарынын убактысы боюнча түнкү саат 12:00гө карата экзитполдун алгачкы жыйынтыктары жарыяланып, анда Нурсултан Назарбаев түптөгөн “Нур-Отан” партиясы алдыда экени кабарланды.
Коомдук пикирди изилдөө институтунун билдирүүсүнө карата, мажилиске “Нур Отан”-72, “Ак Жол” – 10, ал эми “Казакстан халык партиясы” 9 пайыз менен өткөн. Ал эми “Аул” жана “Адал” партиялары 7 пайыздык босого ченинен өтпөй калды.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн, 11-январда жарыяланат.
Белгилей кетсек, кечээ Алмата шаарында бул шайлоого нааразы болгон 30дай демонстрант жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.