«ВКонтакте» жана Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Алматы облусунда жайгашкан Көлсай көлүнө түшкөн. Ал жерде сууга түшүүгө тыюу салынган, бирок Дуров жазаланбайт.
Анын ордуна Дуровдун тыюу салынган жерден сууга түшүүсүнө жол берген адамдарга чара көрүлөт. Улуттук парк кийинчерээк Көлсай көлдөрүндө сүзүүгө катуу тыюу салынганын, бул административдик укук бузуу экенин белгилеген. Ошондой эле парк жетекчилиги кызматтык иликтөө баштаганын билдирген.
«Жергиликтүү бөлүктү көзөмөлдөй албаган жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик чаралар көрүлөт», — деп айтылды парктын билдирүүсүндө.












