Казакстанда поезд менен жүргүнчүлөрү бар автобус сүзүштү

Атырауда поезд жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту сүзүп кеткенин «Мой город» басылмасы жазды.

Кырсык 11-июль күнү саат 14:00дөр чамасында болгон. Рауан көчөсүндөгү темир жол кесилишинде №2-маршруттук автобус менен поезд сүзүшкөн.

Атырау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы автобустун айдоочусу жолду туура эмес жерден кесип өткөнүн билдирди. Автобустун жүргүнчүлөрүнүн абалы канааттандырарлык экени айтылууда.