Казакстанда «сезимдерим менен ойноду» деген жигит кызга полиция чакырды

Казак ЖМКлары Кызылорданын тургуну «кыз сезимдерим менен ойноп жатат» деп полиция чакырганын жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, жигит кыз менен чала тааныш болгон жана кыздын башка бирөөнүн унаасында отурганын көрүп калып, дароо полиция чакырган. Чакыруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш жана административдик укук бузуулар жок болгондуктан, тараптардын көрсөтмө берүүдөн баш тартуусунан улам материал кароосуз калтырылган. 

Бирок кыз түшүнүк кат жазышы керек болгон. Анда ал арыз ээси менен бир күн мурун таанышканын жана курбусунун унаасында отурганын айткан.