Казакстанда шахтада чыккан өрт. Бешинчи адамдын жансыз денеси табылды

Казакстан шахтасында каза болгон бешинчи шахтёрдун сөөгү табылганын Tengrinews.kz ArcelorMittal Temirtau компаниясына шилтеме берүү менен билдирди.

17-августта «Казакстан» шахтасында өрт чыгып, беш адам каза болгон. Өрт учурунда ал жерде 227 адам болгон. Алардын ичинен 222 адам эвакуацияланып, алардын кеминде 13ү дарыгерлерге жардам сурап кайрылышкан. Шахтерлордун биринин жансыз денеси ошол эле күнү кечинде табылган. Каза болгондордун саны 5 адам экени аныкталган. 

Каза болгондордун аты-жөнү жарыяланды.

1. Стешин Денис Геннадьевич, 1978-жылы туулган.
2. Халиков Артур Ринатович, 1994-жылы туулган.
3. Бургун Виктор Сергеевич, 1966-жылы туулган.
4. Слюньков Виталий Владимирович, 1965-жылы туулган.
5. Старовойт Илья Александрович, 1996-жылы туулган.