Казакстанда шахтада чыккан өрттөн 2 адам каза болуп, 3 адам дайынсыз болууда

Караганда облусундагы «Казахстанская» шахтасында 17-августта чыккан өрттүн кесепетинен каза болгон дагы бир шахтёрдун сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар «АрселорМиттал Темиртау» ААКтын аткаруучу директорунун орун басары Сергей Огайга шилтеме берүү менен билдирди.

Дагы үч адамды издөө иштери уланууда. Ошондой эле 18-августтун таңында ооруканага жаткырылгандардын саны 13кө жеткени кабарланууда.

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясына караштуу «Казахстанская» шахтасында өрт 17-август күнү эртең менен башталган. Өрт учурунда ал жерде 227 адам болгон. Алардын ичинен 222 адам эвакуацияланып, алардын кеминде 13ү дарыгерлерге жардам сурап кайрылышкан. Шахтерлордун биринин жансыз денеси ошол эле күнү кечинде табылган.