Казакстандын Костанай облусунун Житикара райондук соту өрттөн каза болгон беш баланын энесине өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Иштин материалдарында аял балдарынын улуусуна мешке от жагууну тапшырып, аларды кароосуз калтырганы айтылат.
«Уулу мештин ичиндеги отун, көмүр жана турмуш-тиричилик таштандысын өрттөп, желим бөтөлкөлөрдү мешке ыргытып жибергендиктен жалын тутанып, отко айланган. Өрттүн кесепетинен беш бала каза болгон. Соттолуучунун күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, окуя болгон жерди кароонун протоколу жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен далилденди», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.
Аял өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирип, эркинен ажыратпоону суранган. Сот 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды, бирок аялдын жашы жете элек баласы бар экенин эске алуу менен убактылуу эркиндигинен ажыраткан жок.