Казакстанда студенттердин кыздыгы тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышы. Кылмыш иши козголду

Алматыда студенттердин кыздыгы тууралуу маалымат тарап кеткен окуя боюнча полиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти. 

«14-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 147-беренесинин 5-бөлүгүнүн (жеке турмуштун кол тийбестигин жана жеке маалыматтар жана аларды коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде Аль Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттеринин жеке маалыматын жана медициналык сырды түзгөн маалыматтарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Тизме тарап кеткен тууралуу маалымат буга чейин интернетте пайда болгон. 190 адамдан турган WhatsApp тобуна студент кыздардын тизмеси төрт документ менен жөнөтүлгөн. Анда кыздардын толук аты-жөнүнөн тышкары алардын паспорттогу жеке номурлары жана медициналык маалыматтары көрсөтүлгөн. Ошондой эле, алардын кимиси кыз экендиги тууралуу маалымат да болгон. 

Илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек бул маалыматка жооп берип, кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирген.