Казакстанда судья жумуш ордунда каза болду

Уральскта судья жумуш ордунда каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Басылманын маалыматына караганда, тергөө судьясы Нурлан Губашев 10-март күнү эртең менен жумуш ордунда каза болгон. Маркумдун денесинде криминалдык тактар болгон эмес. 

Батыш Казакстан облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, окуя болгон жерге чакыруу саат 9:48де түшкөн. 1968-жылы туулган судья кызмат учурунда капысынан өзүн начар сезген. Тез жардам чакыргандардын айтымында, ага дем жетпей, эс-учун жоготуп жыгылган.