Казакстанда сыра үчүн кыйылган өмүр. Дагы бир шектүү кармалды

Полиция Талгарда 16 жаштагы Шерзат Болатты өлтүрүүгө тиешеси бар дагы бир адамды кармаганын казак басылмалары жазышты.

Алматы облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 17-октябрда Шерзаттын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир шектүү жаран кармалды. Ошентип кармалгандардын саны 11 адамга жетти. 

Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан.

Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон.