Казакстанда сыра үчүн кыйылган өмүр. Окуянын видеосу жарыяланды

Казакстандын Талгар шаарында адам өлтүрүү фактысы боюнча кармалгандардын саны 10 кишиге жетти. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Бауржан Аленов ЖМКлар үчүн өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

«Окуя болгон жерден 7 шектүү кармалып, дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 13-октябрда дагы 3 киши кармалды. Бирөөсү Volkswagen Golf унаасынын айдоочусу. Мушташтан кийин дагы эки адам барган. Тергөө амалдары жүрүп, бул ишке шектүү катары каралууда», — деди Аленов.

Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан.

Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон.