Казакстанда сыра үчүн өлтүрүлгөн өспүрүмдүн асынган абалда табылган агасынын өлүм алдындагы каты жарыяланды. Полиция билдиргендей, ал катты туугандарынын бирине жөнөткөн. Ал коштошуп, жээнинин жанына коюуну өтүнгөн. Факты боюнча кылмыш иши козголду. Териштирүү жүрүп жатат.
Талгардын четинен сыра үчүн өлтүрүлгөн 16 жаштагы Шерзат Болаттын агасынын жансыз денеси табылганын Tengrinews.kz Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен билдирген.
Полициянын маалыматына караганда, Талгар шаарына жакын жерде 30 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган.
«Маркум 4-октябрда каза болгон жашы жете элек Шерзат Болаттын агасы экени аныкталды Тергөө стадиясында кылмыштын белгилери аныкталган жок», — деп айтылат маалыматта. Облустук ички иштер башкармалыгы маркум Шерзаттын үй-бүлөсү полициянын коргоосунда болгонун белгиледи. Бул убакыт аралыгында маркумдун үй-бүлөсүнө коркутуулар катталган эмес. «Кайтарып жаткан кызматкерлеринин түшүндүрмөсүнө караганда, аталган жаран саат 23:30да жеке унаасы менен чыгып кеткени аныкталган. Башка маалымат азырынча берилбейт», — деп кошумчалады полиция.
Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан. Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон.