Казакстандын ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов Талгар шаарында өспүрүм Шерзат Болаттын өлтүрүлүшү боюнча иш сотко өтөрүн билдирди. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды.
Маалыматка караганда, азыр иш прокуратурада. Андан соң сотко өткөрүлөт. «Ушул жума сотко өтөт деп күтүп жатабыз»,- деди ал.
Соттук отурумдар качан башталат аны сот чечерин баса белгиледи.
Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан. Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон.