Талгарда каза болгон жашы жете элек Шерзат Болаттын өлүмү боюнча соттук иш соңуна чыкты. 5-июнда Талдыкорган соту 9 айыпталуучуга өкүм чыгарды.
Тергөөнүн версиясы боюнча Шерзатты бычак менен сайган Абзал Чынасыл 23 жылга эркинен ажыратылып, орточо тартиптеги түзөтүү колониясына кесилди.
Сакиев Равиль бардык беренелер боюнча (24-берененин 3-бөлүгүнүн 99-бөлүгүнүн 2-бөлүгү, 7,9-пункттары (адам өлтүрүүгө аракет кылуу), 293-беренесинин 3-бөлүгү (бейбаштык)) күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды.
Азамат Токтаубаев 15 жылга эркинен ажыратылды. Нуркияс Ильясов 9 жылга эркинен ажырытылды. Ал эми Шынгыс Белгожаев, Дархан Аскентай, Нурбол Токтаубаев, Дидар Калиахмет 7 жылга эркинен ажыратылды. Жашы жете элек Думан Ыскак Кылмыш-жаза кодексинин 434-беренеси «Кылмыш тууралуу билдирбөө» боюнча 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумган. Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан. Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон.