SerepTV Logo

Казакстанда сыра үчүн өлтүрүлгөн өспүрүм

Казакстанда сыра үчүн өлтүрүлгөн өспүрүм

Казакстандын Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат аттуу өспүрүм бир банка сыра үчүн көз жумду. Кылмыш иши козголду, бирок үй-бүлө күнөөлүүлөр жазасыз калат деп кооптонууда.

Кылмыш 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсүнүн дүкөнүндө болгон. Дүкөн ээси менен сатып алуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Ал эми Шерзат атасына болушкан.

Дүкөндөн чыккан сатып алуучу өзүнүн тааныштарын маселени чечишүүгө чакырган. 2 унаа менен 13 киши келген. Алардын колдорунда тапанча, бычак болгон. Шерзат анын атасы жана агасы катуу сабалган. Өспүрүмдүн жүрөк жана көкүрөк тушуна бычак сайылган. Анын башына тапанча менен ургулашкан. Кесепетинен өспүрүм ооруканада каза болгон. "Апасын эки киши кармап турду. Ал баласына тийишпөөнү, аны өлтүрбөөнү суранып жатты",- деди окуянын күбөсү.

Полиция кылмыш иши козголгонун, 7 шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти.

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

Ош юстиция башкармалыгынын начальниги Уларбек Жунусов 45 жашында каза болду

14:21 09.09.2026

Ээрчише баскан экс-премьерлердин сүрөтү соцтармакта жарыяланды

09:24 12.09.2026

Аида Касымалиева «эмне үчүн?», «мындан ары эмне болот?» деп суроо салгандарга жооп жазды

11:12 09.09.2026

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

15:57 09.09.2026

"Уктатып" кеткен уста... Бишкекте үй оңдойм деп жарандарды алдаган шектүү кармалды

14:27 07.09.2026

Алагозов "Бишкек-Арена" 386 миллион долларга курулганын билдирди

10:35 08.09.2026

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга барды

08:25 16.09.2026

Ички иштер министрлиги кайрымдуулук фонддун ишмердигине байланышкан кылмыш ишин тергөөдө

08:19 16.09.2026

«Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган китептер эркин сатууга чыгарылбайт

15:35 15.09.2026