Казакстанда сүрөткө өзгөчө болуп түшөм деген кишинин окуясы көптөрдү жылмайтты (видео)

Кызыл-Ордада куткаруучулар эркектин башынан чыкпай калган «Спартандын баш кийимин» чыгарып беришкен.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Саяхат кичи районунун тургунунан үйүндө коноктун башындагы темир каска алынбай жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Конок эстеликке сүрөткө түшүү максатында башына «Спартандын баш кийимин» кийип алып, кайра чече албай калган.