Казакстанда талаадан гүл чогулткан кыз 11 миллион теңгеге айыпка жыгылат

TikTok соцтармагындагы видеосу Түркстан облусунун 22 жаштагы тургунуна чоң чыгым алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды.

Видеодо кыздын Кызыл китепке кирген жоогазындарды терип жатканын көрүүгө болот. Түркстан облусу боюнча полициядан билдиришкендей, кыз социалдык тармактагы баракчасына сейрек кездешүүчү жоогазындардын гүлдестесинин видеосун жарыялаган.

Ал Грейгдин жоогазындары мыйзам тарабынан корголуучу сейрек өсүмдүктөр экенин билген эмес.