Буга чейин Казакстандын «Не молчи» фонду Семей шаарындагы №2 орто мектептин мугалими окуучу кызга ыдык көрсөткөн видеону жарыялаган. Видеодон мугалимдин окуучу кыздын мойнуна колун салып, кармап жатканын көрүүгө болот.
Билим берүү министрлигинин Балдардын укугун коргоо комитети иликтөө жүргүзүлгөнүн билдирди. Расмий маалыматтар боюнча, видео 2023-жылы тартылган. Окуучу мектепте окуусун 9-класста улантууда. «Окуучуга карата туура эмес мамиле жасаган мугалим учурда билим берүү тармагында иштебейт», — деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.
«Мугалим 2020-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 6-мартына чейин жалпы билим берүүчү мектепте иштеген. 2024-жылдын март айында башка шаарга көчүп кеткендигине байланыштуу кызматкердин өзүнүн демилгеси менен эмгек келишими бузулган», — деп билдирди Абай райондук билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы.