Казакстанда терезеден балдарын түртүп, өзү секирген келин. 1,5 жаштагы баланын бөйрөгү алынды

Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды.

Маалыматка караганда, операция учурунда баланын жүрөгүнүн согуусу токтоп калган. Бактыга жараша дарыгерлер аны аман алып калышты.

Казакстандын Павлодар шаарында аял эки баласын терезеден ыргытып, өзү да секирген.  Маалыматка караганда, окуяга балдар аянтчасында ойноп жаткан балдар күбө болгон. «Ары качкыла, ары жакка ойногула» деп кыйкырды. Биринчи кичинекей баланы түртүп жиберди. Артынан эле чоңураак баласы кулады. Анан аял өзү секирди»,- деп айтып берген окуяга күбө болгон бала.

Аял 3-кабатта жашайт, бирок ал балдарын 5-кабаттагы терезеден түрткөн. Павлодар облустук тез жардам станциясынан билдиришкендей, «103» кызматына чакыруу 30-июль күнү саат 13:00дө түшкөн. Тез жардам кызматына Нурмагамбетов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде аял 5-кабаттын терезесинен эки баласын ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткенин айтып, жолдон өтүп бара жаткан адам чалган. 

Павлодар облусунун балдар укуктары боюнча облустук комиссары Сауле Шакеневанын айтымында, жабыркаган балдар бир жарым жана 5 жашта.