Казакстандын депутаты ТикТокко Казакстанда тыюу салууну талап кылды. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазышты.
Аткаминер платформа балдарга терс таасирин тийгизет жана шектүү маалыматтарды чогултат деп эсептейт.
Геннадий Шиповских же мазмунга катуу көзөмөл киргизүүнү жана YouTube Kids сыяктуу балдар үчүн өзүнчө версиясын жасоону же платформаны бөгөттөөнү сунуштады. Анын айтымында, киберкоопсуздукка жана балдардын психикалык саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануулардан улам көптөгөн өлкөлөр ТикТокту жарым-жартылай чектеп коюшкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram