Казакстанда тойдо торт көйнөк кийип чыккан кыз сынга кабылды

Интернет колдонуучуларын торт көйнөк таң калтырды. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Видеодон кыздын үйлөнүү үлпөт көйнөгүн кийип жүргөнү, бирок көйнөктүн этеги торттон жасалганын, аны кесүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары бул идеяны сынга алышты. «Нандан шоу жасап жатканы уят. Кооз, бирок мен мындай идеяны колдобойм», — деп жазып жатышат. 

Торттун автору Самал аттуу кондитер. Ал бир да кесим торт текке кеткен эместигин айтты. «Бул чет өлкөдөн келген идея экенин билгендер түшүнөт. Көп убакыт, күч жумшалды. Бул таза эмгек. Нанды эч ким тебелеген жок. Мени колдогондорго рахмат. Мен дагы дүйнөлүк деңгээлге чыгам”, — деди кондитер.