Казакстанда толготуп барган келин төрөтканада асынып алды (видео)

Таразда толгоо тартып жаткан 33 жаштагы келин облустук перинаталдык борбордун жуунуучу бөлмөсүндө асынып алды. Бул тууралуу Almaty.tv билдирди. 

Дарыгерлердин айтымында, келин 24 жумалык кош бойлуу болгон. Бейтап толгоо менен барып, көзөмөлгө алынган. Окуя боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

«Жансыз дене саат 20:54тө жуунуучу бөлмөдө табылган. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери жана тергөөчүлөр тартылды», — деди облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы.