Казакстанда түнкү клубда жылаңач бийлеген кыздардын видеосу көпчүлүктү кыжырдантты (видео)

Кечээ, 16-августта Костанайдагы көңүл ачуучу жайлардын биринде тартылган видео жарыяланды. Соцтармак колдонуучуларынын ачуусун келтирген бир катар видеолор өткөн дем алыш күндөрү тематикалык кечелердин биринде тартылганын Tengri Life басылмасы жазды.

Видеодо залдын ортосунда жана бардын столунда жылаңач кыздар бийлеп, алардын бири залдын ортосуна чыккан эркекти чечинтип жатканын көрүүгө болот. Мунун баары кеченин алып баруучусунун кайра-кайра “чечин” деп кыйкырганы менен коштолот.

Кече укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин келиши менен аяктаган. Иш-чаранын бардык катышуучулары, ошондой эле түнкү клубдун ээси РИИБге жеткирилди.

«Кармалган жарандарга карата 434-берененин «Майда бейбаштык» боюнча административдик иш козголуп, материалдар чечим чыгаруу үчүн сотко жөнөтүлөт. Көңүл ачуучу жайдын ээсине карата кылмыш ишинин козголушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча токтом чыгарылган»,- дешти.