Мындан бир нече күн мурда социалдык тармактарда түз эфир учурунда селкинчектин кулап калганы тартылган видео тараган.
Маалыматтарга караганда, видео Казакстандын Костонай облусунда тартылган. Облустук администрация 10-августта «Жас Улан» жаштар борборунда Костанай облусундагы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн семинардын жүрүшүндө этношаарчанын бет ачары болгонун түшүндүргөн «Боз үйлөр тигилип, жасалгалары менен этно-аул (анын ичинде Алтыбакан) жайгаштырылды. Алтыбакан пайдаланууга арналган эмес! Бул жөн гана жасалга болчу. Театралдаштырылган оюн-зоок башталганда күтүүсүздөн Алтыбакандын декорациясынын жанынан балдар пайда болуп, алар ойной башташкан», — деп жооп беришти Аркалык шаарынын акимчилигинин билим берүү бөлүмү.
Акимчилик мунун баары күтүүсүз болуп, жооптуу нөөмөтчүлөр реакция кылып, балдарды токтотууга үлгүрбөй калганын билдиришти. Окуядан жабыркагандар жок.
Посмотреть эту публикацию в Instagram