Казакстанда түз эфирде кулаган селкинчек. Соцтармакта талкуу болуп жаткан видео боюнча түшүндүрмө беришти

Мындан бир нече күн мурда социалдык тармактарда түз эфир учурунда селкинчектин кулап калганы тартылган видео тараган.

Маалыматтарга караганда, видео Казакстандын Костонай облусунда тартылган. Облустук администрация 10-августта «Жас Улан» жаштар борборунда Костанай облусундагы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн семинардын жүрүшүндө этношаарчанын бет ачары болгонун түшүндүргөн «Боз үйлөр тигилип, жасалгалары менен этно-аул (анын ичинде Алтыбакан) жайгаштырылды. Алтыбакан пайдаланууга арналган эмес! Бул жөн гана жасалга болчу. Театралдаштырылган оюн-зоок башталганда күтүүсүздөн Алтыбакандын декорациясынын жанынан балдар пайда болуп, алар ойной башташкан», — деп жооп беришти Аркалык шаарынын акимчилигинин билим берүү бөлүмү.

Акимчилик мунун баары күтүүсүз болуп, жооптуу нөөмөтчүлөр реакция кылып, балдарды токтотууга үлгүрбөй калганын билдиришти. Окуядан жабыркагандар жок.