Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Актаудагы учак кырсыгынан аман калган стюардесса Айдана Рагимлинин сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялады, деп билдирет Tengrinews.kz.
Кыз Мангистау облустук ооруканасында жатат. Ал барган делегацияны көргөндө жашын тыя алган эмес.
Айдана — Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан, бирок Актаудан 3 чакырым алыстыкта кулап түшкөн Azerbaijan Airlines учагындагы коркунучтуу кырсыктан аман калган адамдардын бири.