Казакстанда унаасында «ыдык көрдүм» деген аялдан «концерт» көргөн таксист кайрылуу жасады (видео)

Учурда социалдык тармактарда таксиге түшүп, таксист аны жаман сөздөр менен сөккөнүн айтып, «ыдык көрсөттү» деген аялдын видеосу тарап жатат. Видео Казакстандын Костонай шаарында тартылганы маалым болгон.

Костанай облусунун ички иштер башкармалыгы таксистти ыдык көрсөттү деп айыптаган кыз кандай жазага тартылганын билдирди. Полиция аял кишинин атайын кызматка жалган чалуу үчүн жоопко тартылганын билдирди. Бул мыйзам бузуу үчүн айып пулдун суммасы 110 миң 760 теңгени түзөт. Видеонун каарманы өзү тартылган видеонун таралышы боюнча милицияга арыз жазганы, жарандык-укуктук тармакта карала турганы белгиленген. 

Ал арада таксист коомчулукка аны колдоп жатканына ыраазычылык билдирип, аялды жана анын жакындарын буллингге албоого чакырды. Чуулгандуу видеонун автору Костанай шаарынын тургуну Алишер Бердигожинов буга чейин социалдык тармактарда пайда болгон видеону коомчулукка өзү жарыялабаганын билдирди. Ал видеону тааныштарына гана жөнөткөн, ал эми анын коомчулукка кандай жагдайда чыгып кеткенин билбейт.