Казакстанда уулу апасын 15 жылдан кийин таап, жолукту (видео)

Экибастузда ыктыярчылар 15 жыл мурун байланыш үзүлгөн уулу менен апасын жолуктурууга жардам беришти.

Игорь балдар үйүндө тарбияланган, анын энеси ата-энелик укуктарынан ажыратылган. Ошого карабастан, жигит апасын табуудан үмүтүн үзгөн эмес. Жардам алуу үчүн ал Вита издөө отрядына кайрылган.