Түркстан облусунда уулу тарабынан катуу сабалган адам каза болду. Бул тууралуу Zakon.kz. жазды. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан да тастыкташкан.
7-сентябрда социалдык тармактарда «Уулу атасын көчөдө сабады» деген видео тараган. Окуяга күбө болгондор киши оорулуу атасын сабаганын жазышкан. Түркстан облустук ички иштер башкармалыгы карыяны сабаган деп шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.