7-сентябрда социалдык тармактарда «Уулу атасын көчөдө сабады» деген видео тараган. Окуяга күбө болгондор киши оорулуу атасын сабаганын жазышкан. Түркстан облустук ички иштер башкармалыгы карыяны сабаган деп шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.
«Тенгри» басылмасы жазгандай, маркум кишинин келинине карата да тергөө иштери жүрүп жатат. «Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 109-1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен “Алсыз абалда же көз карандылыкта болгон адамды ур-токмокко алуу” боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.
Полиция кол көтөрүү пенсионердин өлүмү менен аяктаганга чейин жабырлануучудан жана башка адамдардан зордук-зомбулук боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн белгилеген.