Казакстанда вейптерге тыюу салынды

FILE - In this Aug. 28, 2019, file photo, a man exhales while smoking an e-cigarette in Portland, Maine. Health officials investigating a nationwide outbreak of vaping-related illnesses have, for the first time, listed the vape brands that are most commonly linked to hospitalizations. Most of the nearly 2,300 people who has suffered lung damage were vaping liquids that contain THC, the high-inducing part of marijuana. In a report released Friday, Dec. 6 the government listed the THC-containing products that patients most often said they’d been using, noting that some patients vaped more than one. (AP Photo/Robert F. Bukaty, File)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев вейптерди ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгонун Акорда сайты билдирди.

Өлкөдө мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Вейптерди сатуу 1,6 миң доллар айыпка жыгылат же 50 күнгө чейин камакка алынат. Электрондук керектөө тутумдарын (вайптарды) ташып келүү жана өндүрүүгө 16,5 миң доллар өлчөмүндө айып салуу, эки жылга чейин эркиндигин чектөө же ошол эле мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Мыйзам ошондой эле тамеки тартууга тыюу салынган тамеки буюмдарын, вейптерди, ароматизаторлорду жана алар үчүн суюктуктарды жарнамалоого тыюу салат.