Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы флешмоб башталды

Экс-министрдин жубайы Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча чуулгандуу окуядан кийин казак аялдары социалдык түйүндөрдө үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаштырууга чакырган флешмоб уюштурушту. Аялдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту кылмыш деп эсептеп, мындай кылмыштардын курмандыктарын коргоону талап кылышууда.

Бул көйгөйгө көңүл буруу үчүн кыздар ур-токмокко алынган көгөргөн жерлерди жана тактарды чагылдырган макияж менен видео жана сүрөттөрдү жарыялоодо. Алар Казакстанда мыйзамдарды өзгөртүүгө убакыт жеткенин белгилешет.