Казакстанда үйдөн өрт чыгып, 4 бала көз жумду. Окуянын чоо-жайы

Казакстандын Балдар акыйкатчысы Динара Закиева Караганда облусундагы өрт кырсыгынан төрт баланын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

«Балдардын улуусу 5 жашта, кичүүсү 1,5 жашта. Алар үйдө жалгыз болушкан. Апасы мектепте мугалим, атасы курулушта иштечү. Кырсык 23-февралда болгон. Көңүл айтам», — деп жазган ал. 

Караганды облусунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү да трагедия боюнча комментарий берди. 23-февралда Каркаралы районунун Талды айылында 2 батирлүү бир кабаттуу үйдүн 10 чарчы метр аянтында үй буюмдары, эмеректер, терезе, эшиктер өрттөнгөн. 

Өрттүн кесепетинен 2019, 2020, 2021 жана 2022-жылы туулган төрт бала каза болгон. Өрт учурунда балдар үйдө жалгыз болушкан. Ата-энеси жок болчу. Жабыркаган үй-бүлөгө жергиликтүү аткаруу органдары жана калк тарабынан бардык зарыл жардамдар көрсөтүлүүдө. «Өрт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда», — деп айтылат маалыматта.