Казакстандагы Түркстан облусунун Жетисай районуна караштуу Алгабас айылынын тургундары көчөгө чыгуудан коркуп жатышат. Бул тууралуу «Орда» басылмасы жазды. Кышында ушул айылда жашаган аялдын сөөгү табылган. Киши өлтүрүүгө бир нече жолу соттолгон адам шектелүүдө.
«8-февралда айылдагы үйлөрдүн биринин короосуна көмүлгөн жерден жылаңачталган аялдын жансыз денеси табылган. Кийин анын 38 жаштагы аял Айгерим экени маалым болгон. Анын өлүмүнө кошунасы шектелип жатат. Шектүү буга чейин эки жолу адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон. Айыл тургундары кылмышты ал жалгыз кылбаганын айтып, коркуп жашап жатышат. Туугандарынын айтымында, аял үйүнөн 20-январда чыгып, дүкөнүнө товар алууга кеткен. Ошондон кийин байланышка чыкпай калган. Биринчилерден болуп апасы издеп баштаган»,- деп айтылат маалыматта.
Аял жоголгондо дароо ошол коңшусуна барышкан. Ал аялды көрбөгөнүн айткан. Бирок ошондон кийин жок болуп кеткен. Туугандары да, айылдаштары да кылмышты ал жалгыз жасабаганын айтып жатышат. Аялдын жанында 420 миң теңге да болгон. Акчаны таппай калышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө 10 жылдан бери шектүү маркум аялдан акча талап кылып келгени маалым болгон.
«Эки жумадан кийин шектүүнүн тууганы полицияга үйүнүн короосунда жерден аял кишинин колу чыгып калганын билдирген. Ошол жерде Айгеримдин жансыз денеси табылган. Жансыз денени кароодо кулагынан кан акканын, колдору кесилгенин, далысынын баары көгала экенин көрүшкөн. Жансыз дене табылган соң баягы кошунасы пайда болуп, күнөөсүн мойнуна алган»,- деп айтылат маалыматта.