Казакстанда зордуктоого шектүү камактан качып кетти

Алматы облусунун полициясы зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайдан качып кеткендигине байланыштуу казакстандыктарга кайрылуу жасады. 

«Алматы облусунун ички иштер башкармалыгы 1998-жылы туулган Талгар районунун Теренкара айылынын тургуну Калмырзаев Бекарыс Сабитулыны убактылуу кармоочу жайдан качып кеткендиги үчүн издеп жатат. Изделип жаткан адамдын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, дароо полицияга кайрылгыла»,- деп айтылат маалыматта. 

Алматы облусундагы убактылуу кармоочу жайдан зордуктоого шектелген жаран качып кеткени маалымдалган. Аны кармоо үчүн атайын “Сирена” планы киргизилген. Полиция негизги каттамдарга тосмолор орнотулуп, бардык күч жана каражат качканды табууга жана кармоого жумшалып жатканын билдирди. Качуунун жагдайын тактоо үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды.