Казакстандагы ажатканада болгон үрөй учурган кылмышка сот чекит койду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп кеткен делген, бирок эки айдан кийин ошол эле дааратканага дагы бир кыз түшүп кете жаздаган.

Аман калган кыз бул ишке 17 жаштагы кошунасын айыптаган. Полиция 3 жаштагы кыз дааратканага өзү түшүп кетпегенин, адам өлтүрүү болгонун аныктаган.

Шектүүнүн шизофрения менен жабыркаганы аныкталган. Кыздын апасы кызынын психикалык жактан жабыркай турганын билбегенин айткан. Бирок кыз өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Ал уксус ичкен. Молдого алып барып, дем салдырган. Мыйзам боюнча психикалык жактан жабыркаган адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, дарыланууга жөнөтүлөт. Эми шектүү кыздын апасы жабыркаган үй-бүлөгө 20 миллион теңге моралдык кенемте төлөп бериши керек.