Казакстандагы батирде ысык суу түтүгү жарылып, 3 аял каза болду

Казакстандын Көкшетау шаарында батирди ысык суу каптады. Полиция үч аялдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды. 

2-январь күнү таң эрте милицияга үйлөрдүн биринде жылуулук системасы бузулганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барып, батирлердин биринде түтүк жарылып, бөлмөнү ысык суу каптап кеткенин аныкташкан.

«Батир ичинен кулпуланган. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан авариялык-куткаруу иштери жүргүзүлүп, батирге тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүлдү. Текшерүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 50, 56 жана 59 жаштагы үч аялдын сөөгү табылган. Батир ээси жана анын эки курбусу. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аялдардын өлүмүнө күйүк себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.