Атырау облусунун Индер районунун тургуну Парасат Нургалиев Казакстандын рекорддор китебине “Өлкөдөгү эң узун адам” катары кирди. Бул тууралуу «Ак Жайык» гезити жазып чыкты.
Казакстандын рекорддор китебинин расмий өкүлү Куандык Кудайбергеновдун маалыматы боюнча, Парасат бийик бойлуу деген расмий макамдан тышкары өлкөдөгү эң чоң буттун ээси: анын бутунун өлчөмү 56. Парасаттын бою 218,5 сантиметр, салмагы 150 килограмм.