Казакстандагы жарылууда 4 аскер кызматкери каза болгону маалым болду

Жамбыл облусундагы жарылуудан төрт аскер кызматкери каза болгонун Daynews.kz Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

«Жамбыл облусундагы инженердик ок-дарылар кампасында чыккан өрттүн кесепетинен эки аскер кызматкери — 1981-жылы туулган сержант Марат Мешинбай, 1981-жылы туулган ефрейтор Руслан Жанболатов жана 1969-жылы туулган аскерлештирилген күзөтчү Оразбек Далибаев каза болгон», — деп айтылат маалыматта. 

Коргоо министрлиги тактоо киргизип, сержант Марат Мешинбай менен ефрейтор Руслан Жанболатов өрттүн алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле аскердик бөлүктүн өрт өчүрүү кызматынын курамында болуп, өрттү өчүрүп жүрүшкөнүн, жардыруулардын жанында болгондуктан, алар оор жаракаттарды алышканын айтты. Күзөтчү Оразбек Далибаев кампаны кайтаруу боюнча кароолдун башчысынын жардамчысы болуп иштеген жана ок-дарыларынын жарылуусунан каза болгон. 

Ал эми төртүнчү каза болгон жаран — Түштүк аймактын аскер прокурору полковник Капезов экени маалым болгон. Ошол эле учурда дайынсыз болуп жаткандар да бар. Жарылуунун кесепетинен дагы 28 адам ооруканада жатканы айтылды.