Казакстандагы жарылууда каза болгондордун саны 9 адамга жетти, дагы экөө дайынсыз

Жамбыл облусундагы ок-дары сакталган кампада болгон жарылуудан каза болгондордун саны көбөйдү. Бул тууралуу Daynews.kz жазып чыкты.

«Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскердик бөлүктүн, жарым аскерлештирилген күзөт жана аскер прокуратурасынын кызматкерлерин кошкондо 9 адам каза болгон. Каза болгондордун аты-жөнү такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Эки адамдын дайынсыз жоголгону маалымдалды. Алдын ала маалымат боюнча, ооруканада 49 адам жардам алып жатат.