Кечээ, 26-август күнү кечинде Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын кесепетинен бир катар жарылуулар болгон. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кампада чыккан өрттүн кесепетинен белгисиз заттардын жарылышы катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруулардан кеминде 66 адам жабыркаган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин 30га жакын кызматкери жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Көпчүлүгү жеңил жаракат алса, экөөнүн жаракаттары оор. Окуя болгон жерден 1 миң 200дөн ашуун адам эвакуацияланган.